• Кафедры
  • Профориентация и связь со стейкхолдерами

Профориентация и связь со стейкхолдерами

15-февраль, 2025-жыл.
Чыгыш таануу кафедрасынын "Кесипке багыттоо" иш-аракеттери
      Кара-Кулжа районунун мектептеринин директорлору Чыгыш таануу кафедрасы тарабынан даярдалып жаткан багыттар/адистиктер менен таанушууга келишти! "Мектептер менен жогорку окуу жайларында билим берүүнүн менеджменти жана маркетинги" - деген темада семинар-тренинг өтүп, мектеп директорлоруна атайын сертификаттар тапшырылды. Семинар-тренингтин башында Ош мамлекеттик университетинин жетишкендиктери, учурдагы мүмкүнчүлүктөрү жана стратегиялык пландары ж.б. маалыматтар мектеп директорлоруна кеңири жеткирилди. Мектеп директорлору окуу жайдын жетишкен ийгиликтери менен жакындан толук таанышышып, мындан ары жакындан кызматташууга кызыктар экендиктерин билдиришти.

25-январь, 2025-жыл.
      Чыгыш таануу кафедрасында даярдалып жаткан багыттардын/адистиктердин "Кесипке багыттоо" иш-аракеттеринин алкагында 2025-жылдын 25-январында Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институту менен Ош шаардык билим берүү башкармалыгы "Мектеп окуучуларына чыгыш тилдерин окутуунун зарылчылыктары, келечеги жана айрым проблемалары" - деген темада төгөрөк стол өттү. Төгөрөк столго Ош шаарынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы С.А. Аманова жана Ош шаарындагы 70 мектептин директорлору катышышып, өздөрүнүн сунуш-пикирлерин айтышып, чындап эле мектеп окуучуларына чыгыш тилдерин (араб, түрк, фарси, кытай, корей, япон) окутуу зарыл экендигин белгилешип, аталган кафедра жана институт менен тыгыз байланышта болушаарын билдиришти.

18-февраль, 2025-жыл.

      Чыгыш таануу кафедрасынын окутуучулары "Кесипке багыттоо" иш-аракетинин алкагында Кара-Кулжа районунун билим берүү бөлүмү Кара-Кулжа районунун мектеп директорлору үчүн "Мектептер менен жогорку окуу жайларында билим берүүнүн менеджменти жана маркетинги" - деген темада атайын семинар-тренинг өтүп, катышуучулардын суроолоруна жооп беришип, катышуучуларга сертификаттарды тапшырып кайтышты. Ошондой мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн Ош мамлекеттик университетиндеги билим берүү программалары/адистиктери/ тууралуу маалыматтар дагы берилди.

10-февраль, 2024-жыл. СТЕЙКХОЛДЕРЛЕР менен талкуу өттү.
10-февраль күнү Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун Чыгыш таануу кафедрасы 530900 "Чыгыш таануу, африка таануу" (бакалавриат, магистратура), 531100 "Лингвистика. Котормо жана котормо таануу: чыгыш тилдери" (бакалавриат) адистиктеринин негизги билим берүү программаларын стейкхолдерлердин катышуусунда талкуулашты. Талкууга КРнын Президентинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн, Ош шаардык мэриясынан, КРнын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча өкүлчүлүгүнөн, Сулайман Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинен, Ош шаарындагы мектептерден, окуу борборлорунун директорлорунан, Ош мамлекеттик университетинин жетекчилигинен өкүлдөр, Чыгыш таануу институтунун студенттери, магистранттары, бүтүрүүчүлөрү, профессордук-окутуучулук курамы ж.б. катышышты.


17 января 2023 г. Профессорско-преподавательский состав кафедры востоковедения факультета международных отношений ОшГУ с участием заинтересованных сторон обсудили основные образовательные программы направления «Востоковедение, африканистика» (бакалавриат, магистратура).




15-февраль, 2020-жыл. "Чыгыш таануу, африканистика" багытынын (адистигинин) негизги билим беруу программасын стейкхолдерлердин (кызыктар тараптардын) жана студенттердин катышуусунда талкууладык. Стейкхолдерлерге терен ыраазычылык билдиребиз!


2019-жыл, ноябрь.
Чыгыш таануучулар стейкхолдерлер менен биргеликте "Чыгыш таануу, африканистика" билим беруу программасын талкууладык.



2018-жылдын 24-январь күнү "Чыгыш таануу" кафедрасы тарабынан аккредитацияга даярдануу боюнча атайын семинар болуп өттү. Семинарда чыгыш таануу, африканистика багытынын негизги билим берүү программасы университеттин окуу иштери боюнча проректору, с.т.и.к., доцент Абазбек уулу Расул агайдын, аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментинин директору, профессор Алтыбаева Мейликан Алтыбаевнанын, стейкхолдерлердин - жумуш берүүчүлөрдүн, бүтүрүүчүлөрдүн, ата-энелердин, студенттердин жана атайын адистердин катышуусунда өтүп, кызыктуу талкуулар болду.



"Чыгыш таануу, африка таануу" негизги билим берүү программасынын абитуриенттер менен болгон байланышы.