Ош мамлекеттик университети менен Корея Республикасынын Ансан университетинин ортосунда эки жана көп тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду

2026-06-24 10:54:21 77

Чыгыш таануу институтунун директору, доцент Бөтөнөев Жолдошбек Советбекович Корея Республикасына Ансан университетинин чакыруусу менен барды. Ош мамлекеттик университети менен Корея Республикасынын Ансан университетинин ортосунда эки жана көп тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Меморандумга ылайык Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз-корей факультетин ачуу боюнча келишим түзүү тууралуу тараптар келишимди иштеп чыгуу жана кийинки жолугушууну июнь айында Ош мамлекеттик университетинде өткөрүүнү макулдашышып, факультет ачуу боюнча каржылык чыгымдардын жалпы суммасын даярдоого милдеттенме алышты. Меморандумдун негизинде төмөнкүдөй багыттарды ачуу сунушталды: 1. Филологиялык билим берүү (корей тили); 2. Лингвистика (корей тили); 3. IT технология; 4. Дизайн; 5. Робототехника; 6. Бизнести башкаруу; 7. Маркетинг; 8. PR менеджмент; 9. Аниме искусствосу; 10. Антропология; 11. Корей таануу