Ибрахим бин Ради Аль-Ради мырзанын катышуусунда "Араб тили жана маданияты" борбору ачылды

2026-06-24 10:49:32 76

Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунда Сауд Аравиясы Королдугунун Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, урматтуу Ибрахим бин Ради Аль-Ради мырзанын катышуусунда "Араб тили жана маданияты" борбору ачылып, элчи мырза жаңы ачылган борборго ийгиликтерди каалоо менен бирге белектерди тапшырды. Мындан сырткары жакынкы күндөрү Ош мамлекеттик университетинин базасында Кыргыз-Араб факультетин ачууга көмөк көрсөтөөрүн убадалады. Учурда Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунда 100дөн ашык студенттер жана магистранттар араб тилин окушат.