2026-06-24 10:44:09 82
"Сауд Аравиясы Королдугунун 94-Улуттук күнү" Бишкек шаарындагы чет өлкөлүк дипкорпустун өкүлдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын ж.б. коноктордун катышуусунда өтүп жатат. Сауд Аравиясы Королдугунун Кыргыз Республикасындагы элчилигинин атайын чакыруусу менен Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун директору, доцент Бөтөнөев Жолдошбек Советбекович иш-чарага катышып жатат. Иш-чаранын алкагында Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Советбекович Бөтөнөев Катар мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри мырза менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жакынкы күндөрү элчи мырза Ош мамлекеттик университетине атайын иш сапары менен келээрин белгиледи. 2018-жылы Катар мамлекетинин колдоосу менен Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунда жалпы суммасы 500 000сомдук "Катар-Араб" борбору ачылган. Учурда Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунда 100дөн ашык студенттер жана магистранттар араб тилин окушат.