Чыгыш таануу кафедрасынын окутуучусу Маматибрайим кызы Ыкыбал Казакстандагы эл аралык көргөзмөгө катышты

2026-05-14 09:24:57 124

28-30-апрель, 2026-жыл Казакстанда эл аралык көргөзмө өттү. Казакстандын Астана шаарында Европалык, Россиялык, Казакстандык жана Кытайлык ишкерлер өндүргөн продукциялардын көргөзмөсү болуп, Кытайдан көптөгөн лифт, эскалатор чыгарган заводтордун өкүлдөрү келди ошолордун ичинен бир заводтон келгендерге Чыгыш таануу институтунун директорунун тышкы байланыштар боюнча орун басары, чыгыш таануу кафедрасынын окутуучусу Ыкыбал Маматибраим кызы котормочу катары катышып келди. Кесиптешибизге ийгиликтерди каалайбыз!