Түркия Республикасынын Балыкесир университетинен келген профессорлор "Конок лекцияларды" өтүшүп, студенттердин суроолоруна жооп беришти

2026-05-14 07:45:36 131

24-апрель, 2026-жыл. 24-апрель күнү Чыгыш таануу институтунда Түркия Республикасынын Балыкесир университетинен келген профессор Мехмет Өзкан "Орто Азиялык түрк географиясындагы ислам маданияты", профессор Мустафа Полат "Чыгыш таануучулук көз карашынан архивдик документтер жана тарыхты жазуу", профессор Ахмет Али Чанакчы "Дин билим берүүдөгү педагогикалык ыкмалар: Түркиянын мисалында" - деген темаларда студенттер үчүн "Конок лекцияларды" өтүшүп, студенттердин суроолоруна жооп беришти. Лекциянын соңунда институттун директору Жолдошбек Бөтөнөев конокторго ыраазычылык билдирип, атайын сертификаттарды жана белектерди тапшырды. Мындан сырткары, Түркиялык профессорлор чыгыш таануу кафедрасынын башчысы Элес Эркебаев менен жолугушуп, жаңы окуу жылынан биргелешкен билим берүү программалары боюнча иштешүү ниетин билдиришти. Андан соң "Түрк тили жана маданияты" борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты. "Чыгыш кол жазмалары жана мурастары" фонду менен таанышып, фонддун жетекчиси Байболот Абытовго мындан ары биргеликте иш алып барууну сунушташты. Эскерте кетчү нерсе 2026-жылдын март айынын башында Чыгыш таануу институтунун чыгыш таануу кафедрасынын окутуучулары Самаган Мырзаканова жана Ыкыбал Маматибраим кызы Түркия Республикасынын Балыкесир университетине атайын иш-сапары менен барышып, "Конок лекцияларды" окушуп, квалификацияларын жогорулатып келишкен.