2026-05-14 07:36:52 113
22-апрель, 2026-жыл Илимий-практикалык конференция өттү. 22-апрель күнү Чыгыш таануу институтундагы "Илим айлыгынын" алкагында чыгыш таануу кафедрасынын уюштуруусу менен "Кыргызстандагы чыгыш таануунун, лингвистиканын, филологиянын жана конфликтологиянын актуалдуу маселелери, учурдагы абалы жана перспективалары" - деген темада илимий-практикалык конференция өттү. Конференцияны Чыгыш таануу институтунун директору, доцент Жолдошбек Бөтөнөев ачып, конференциянын катышуучуларын куттуктап, ийгиликтерди каалады. Чыгыш таануу кафедрасынын башчысы, доцент Элес Эркебаев конференциянын пленардык отурумуна модератордук кылып, конференциянын шарттары менен тааныштырып, ийгиликтерди каалады. Конференцияга Чыгыш таануу институтунун профессордук-окутуучулук курамынан, студенттери менен магистранттарынан сырткары Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданият аралык коммуникациялар институтунун, Кыргыз-Кытай факультетинин лингвисттери, филологтору, белгилүү окумуштуу-профессорлор Капар Зулпукаров, Гүлипа Мадмарова, Венера Сабирова, доцент Абдумиталип Мырзакметов, Светлана Алымкулова, Рахат Сагындыкова, Тыныстан Пазылов жана башка коноктор катышышып, атайын илимий баяндамаларды жасашса, Чыгыш таануу институтунан профессор Байболот Абытов, доцент Жолдошбек Бөтөнөев, улук окутуучулар Шерзодбек Носиров, Жолдошали уулу Канатбек, окутуучулар Айсулуу Таирова, Дильноза Имадинова ж.б. дагы илимий баяндамаларды жасашты. Конференциянын жүрүшүндө студенттер менен магистранттар дагы илимий баяндамаларды окушту. Конференциянын пленардык отурумунан сырткары эки секцияда жалпы 100дөн ашык илимий баяндамалар окулуп, конференциянын соңунда атайын резолюция кабыл алынды.