Чыгыш таануу институтундагы "Илим айлыгынын" алкагында бүтүрүүчү курстардын студенттери, магистранттары жана чыгыш таануу кафедрасынын жаш окутуучулары үчүн атайын төгөрөк стол өттү

2026-05-14 05:00:14 105

17-апрель, 2026-жыл Чыгыш таануу институтундагы "Илим айлыгынын" алкагында бүтүрүүчү курстардын студенттери, магистранттары жана чыгыш таануу кафедрасынын жаш окутуучулары үчүн атайын төгөрөк стол өттү. Төгөрөк столдо чыгыш таануу кафедрасынын профессору Байболот Абытов, чыгыш таануу кафедрасынын доценттери Жолдошбек Бөтөнөев жана Аделя Бабаева илимий ишти жазуу боюнча презентацияларды жасашты. Чыгыш таануу кафедрасынын башчысы, доцент Элес Эркебаев баяндама жасаган кесиптештерине ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады. Ал эми, студенттер менен магистранттарга жана жаш окутуучуларга илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө чакырды.