Аксана Исмаилбекова Чыгыш таануу кафедрасынын башчысы, доцент Элес Эркебаев жана профессор Байболот Абытов менен жолугушуп илимий долбоорлорду биргеликте жүргүзүү боюнча сүйлөштү.

2026-05-14 04:53:19 72

16-апрель, 2026-жыл Бүгүн 16-апрель күнү Германия Федеративдүү Республикасынын Лейбниц шаарындагы Чыгыш таануу институтунун илимий кызматкери, Германиянын жараны, Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун чыгыш таануу кафедрасынын окутуучусу, PhD Аксана Исмаилбекова Чыгыш таануу институтунун студенттерине "Илимий изилдөө жүргүзүүдөгү дегитализация жана жасалма интеллект" - деген темада конок лекция өтүп, студенттердин суроолоруна жооп берди. Лекциянын соңунда Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев лекторго ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады. Күндүн экинчи жарымында Аксана Исмаилбекова Чыгыш таануу кафедрасынын башчысы, доцент Элес Эркебаев жана Чыгыш таануу институтунун "Чыгыш кол жазмалары жана мурастары" фондунун жетекчиси, профессор Байболот Абытов менен жолугушуп илимий долбоорлорду биргеликте жүргүзүү боюнча сүйлөштү.