2026-05-14 04:44:00 111
15-апрель, 2026-жыл Чыгыш таануу институтунун 1-курсунун студенти Фатима Артыкова 3 күндүк семинарга катышты. Семинардын темасы "Аял ишкерлерди санариптик трансформация аркылуу өнүктүрүү (Women ICT Frontier Initiative – WIFI DX)" - деп аталып, 2026-жылдын 13–15-апрель күндөрү болуп өттү. Окутууну Сингапурдан келген эл аралык деңгээлдеги тажрыйбалуу эксперттер өткөрүштү. Программа теориялык билимди практикалык иштер менен айкалыштырып, жаңы технологияларды дароо ишке киргизүүгө багытталган.Окутуунун соңунда катышуучуларга эл аралык деңгээлдеги сертификаттар тапшырылды. Студентибизге ийгиликтерди каалайбыз!