2026-05-14 04:35:13 67
8-апрель, 2026-жыл Чыгыш таануу институтунда өтүп жаткан "Илим айлыгынын" алкагында Чыгыш таануу институтунун "Чыгыш кол жазмалары жана мурастары" фондунун жетекчиси, чыгыш таануу кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору Байболот Абытов фонддун ишмердүүлүгү тууралуу институттун студенттерине, магистранттарына жана профессордук-окутуучулук курамына презентация жасап, кеңири маалымат берди. Аталган фонддо кыргыздарга жана Кыргызстан тарыхына байланыштуу XVII, XVIII, XIX жана XX кылымдын башына туура келген чагатай, фарси жана араб тилдериндеги баалуу кол жазмалар бар. Жакында Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарындагы Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунун кол жазмалар фонду менен атайын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, "Чыгыш кол жазмалары жана мурастары" фондундагы кол жазмалардын катологун биргеликте түзүү жана бекитүү боюнча макулдашууга жетиштик. Иш-чаранын жүрүшүндө Чыгыш таануу институтунун директору, доцент Жолдошбек Бөтөнөев жана чыгыш таануу кафедрасынын башчысы, доцент Элес Эркебаевдер фонддун жасаган иштери боюнча сөз сүйлөшүп, ийгиликтерди каалашты.