2026-03-12 05:19:54 16
10-март күнү саат 14:00дө ОшМУнун Илимий китепканасынан адистер келишип, Чыгыш таануу институтунун профессордук-окутуучулук курамына ОшМУнун Илимий китепканасынын электрондук ресурстар бөлүмүнүн башчысы Абжапарова Гүлбара Мендибаевна жана электрондук ресурстар бөлүмүнүн инженер-програмисти У. Усманов келишип, "ОшМУнун Илимий китепканасы жана анын электрондук ресурстарын колдонуу" - деген темада маалымат беришти жана окутуучулардын суроолоруна жооп беришип, окутуучулар тарабынан айтылган сунуштарды кабыл алышты. Чыгыш таануу институтунун профессордук-окутуучулук курамына ОшМУнун илимий китепканасы жана анын электрондук ресурстарын колдонуу боюнча кеңири маалымат бергенге мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев ОшМУнун Илимий китепканасынын директору А.М. Орозбаевге жана Г. Абжапарова менен У. Усмановго ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.