Чыгыш таануу институтунда Жакынкы жана Ортоңку Чыгыштагы конфликтерге байланыштуу эл аралык деңгээлдеги дискуссия өттү.

2026-03-10 07:42:47 34

5-март, 2026-жыл. Чыгыш таануу институтунда Жакынкы жана Ортоңку Чыгыштагы конфликтерге байланыштуу эл аралык деңгээлдеги дискуссия өттү. Дискуссиянын темасы: "Иран - Израиль - АКШ жана Пакистан - Афганистан конфликттери: тарыхы жана учурдагы абалы" - деп аталып дискуссиянын башталышында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окутуучусу, тарыхчы, саясий серепчи Азамат Бакиров жана ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун директору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жолдошбек Бөтөнөев дискуссиянын темасына байланыштуу презентацияларды жасашты. Дискуссияга Чыгыш таануу институтунун студенттери, магистранттары, профессордук-окутуучулук курамы жана АКШда жашаган белгилүү журналист Амирбек Усманов, Түркиядан Арманд Мурат, BBC Кыргыз кызматынын кабарчысы Заирбек Бактыбаев, Азаттыктын кабарчысы Эрнис Нурматов, ОшМУнун бизнес паркынын директору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент, экономикалык маселелер боюнча эксперт Эрлан Камалов катышышып, өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышып, дискуссияда активдүүлүгүн көрсөтүштү. Чыгыш таануу институтунун чыгыш таануу кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору Байболот Абытов, чыгыш таануу институтунун директорунун окуу жана илимий иштер боюнча орун басары, окутуучу Султанбек Матназаров дагы дискуссияга активдүү катышып, өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышты. Чыгыш таануу институтунун студенттери дагы дискуссияга активдүү катышып, презентаторлорго жана эксперттерге суроолорун беришти.