Чыгыш таануу институтунун чыгыш таануу кафедрасынын доценти, Жолдошбек Бөтөнөев офицерлерге "Конок лекция" өтүп берди.

2026-03-09 08:09:51 37

26.02.26. Чыгыш таануу институтунун чыгыш таануу кафедрасынын доценти, ОшМУнун Илимди өнүктүрүү департаментинин директору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент, саясий эксперт Жолдошбек Бөтөнөев Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Түштүк-Батыш оперативдик кол-башчылыгында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан келген офицерлерге "Борбордук Азия регионунундагы мамлекеттер жана аскердик саясий кырдаал" - деген темада "Конок лекция" өтүп, офицерлердин суроолоруна жооп берди. Лекциянын соңунда лектор Жолдошбек Бөтөнөевге атайын ыраазычылык барагы тапшырылды. Кесиптешибизге ийгиликтерди каалайбыз!