Ош шаарында инновациялык стартап-ивент Pizza Pitch өттү. Чыгыш таануу институтунун чыгыш таануу кафедрасынын студенти 3-орунду ээледи

2026-03-09 04:26:28 28

7-февраль, 2026-жыл. Чыгыш таануу институтунун студенти 3-орунду ээледи! Ош шаарында инновациялык стартап-ивент Pizza Pitch өттү. 7-февраль Ош шаарында алгачкы жолу Pizza Pitch аттуу инновациялык офлайн питчинг-ивент болуп өттү. Иш-чара стартаптарды жана ишкердик демилгелерди колдоого, ошондой эле аймактагы ишкердик ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталды. Pizza Pitch бизнес-платформа Virtual Accelerate (VA) демилгеси менен уюштурулуп, Nexus College жана Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) менен өнөктөштүктө өткөрүлдү. Pizza Pitchке башталгыч ишкерлер, стартап-командалар, студенттер жана жаш адистер катышып, жалпы 80ден ашуун конок, анын ичинде 44 стартап-долбоор питчингге чыкты. Долбоорлор агротехнология, билим берүү технологиялары, санариптик жана технологиялык чечимдер, медициналык технологиялар, жашыл жана туруктуу өнүгүү, меймандостук жана коомдук тамактануу, мода жана креативдүү кол өнөрчүлүк, электро-авто жана өнөр жай тармактарында сунушталды. Питчингдин жыйынтыгы менен 1-орунду Bilim Hub долбоору утту. Ал жасалма интеллектке негизделген, адаптивдүү окуу пландары аркылуу экзамендерге даярдоону жеңилдеткен билим берүү платформасы болуп саналат. Долбоордун негиздөөчүсү – Арнель Рашидов. Ал жетектеген команданын бир бөлүгү ОшМУнун окутуучулары жана бүтүрүүчүлөрүнөн турат. 2-орунду Clinexa AI долбоору жеңип алды. Долбоор клиникалык жасалма интеллектке негизделген стартап. Ал интерндерге жана дарыгерлерге диагностика жүргүзүүдө, клиникалык чечим кабыл алууда жана бейтаптарга кам көрүүдө жардам берет. Негиздөөчүлөрү ОшМУнун Эл аралык медициналык факультетинин 4-курс студенти Mohammad Artaza жана ОшМУнун Илимий-изилдөө медициналык институтунун дарыгер-изилдөөчүсү Mohd Faizan Siddiqui. 3-орунду «Жангак» долбоору ээледи. Ал табигый кургатылган мөмө-жемиштерден даярдалган пайдалуу ПП-конфеттерди өндүрүү долбоору. Негиздөөчүсү ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун студенти Наргиза Бекмаматова. Иш-чаранын алкагында дагы төрт мыкты стартап-долбоор бизнес-акселератор Accelerate Prosperity тарабынан уюштурулган Inspire Cup инкубациялык программасына катышууга чакыруу алышты. Алар: Eco Step (СТЕМ инновациялык колледжи), Онлайн меню “Санжи” (Тарых-юридика институту), Эко Зелень жана Football Arena (Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институту). Мындан тышкары, Tilpro, Taza (Тарых-юридика институту), Toofruits (Ыйман УВК) жана Tilbridge долбоорлору жогорку потенциалы үчүн өнөктөштөр тарабынан белектерге ээ болушту. Иш-чаранын эксперттери жана калыстар тобунун курамында MAMA SPACE негиздөөчүсү, Digital Startup Awards 2025 эл аралык сынагынын жеңүүчүсү Гульназа Халманбетова, Accelerate Prosperity акселерация координатору Салкынай Эмилбекова, Dos Cargo компаниясынын тең негиздөөчүсү Азатбек Алибаев, Ишкердикти колдоо борборунун директору Замир Дуйшеев. Жеңүүчүлөр жана мыкты долбоорлор акчалай байгелерден тышкары, Uni Language Hub тарабынан IELTSке даярдык боюнча сертификаттарга, Ишкердикти колдоо борборунан толук ментордук коштоого жана Virtual Accelerate платформасында онлайн окутууга мүмкүнчүлүк алышты.