ОшМУнун Илимди өнүктүрүү департаментинин директору, доцент Жолдошбек Бөтөнөев менен Чыгыш таануу институтунун чыгыш таануу кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуу.

2026-03-09 04:15:09 36

2-февраль, 2026-жыл. ОшМУнун Илимди өнүктүрүү департаментинин директору, доцент Жолдошбек Бөтөнөев Чыгыш таануу жана тарых-юридика институттарынын профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуп, окуу жайыбыздагы илимди өнүктүрүү саясаты тууралуу маалымат берип, окутуучулардын суроолоруна жооп берди. Жолугушууну тарых-юридика институтунун директору, профессор Г. Кулдышова ачып, илимди өнүктүрүү департаментинин ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.