2026-03-09 03:56:45 33
26-27-январь, 2026-жыл. Ош мамлекеттик университетинин Илимди өнүктүрүү департаментинин директору, Чыгыш таануу институтунун чыгыш таануу кафедрасынын доценти, "Достук, толеранттуулук жана медиатордук" борборунун жетекчиси, тарых илимдеринин кандидаты Жолдошбек Бөтөнөев 2025-жылы Евросоюздун каржылоосу менен ишке ашырган "Мосты дружбы: в месте к миру через медиацию и диалог" - деген темадагы жалпы суммасы 6000 евролук долбоордун алкагында 2026-жылдын 26-27-январь күндөрү Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында "Общие границы - общее доверие: роль гражданского общества и устойчивого трансграничного сотрудничества в Ферганской долине" - деген темада өтүп жаткан эл аралык конференцияга катышып, панелдик сессияга спикерлик кылып жатат. Конференцияга Ош мамлекеттик университетинин атынан Чыгыш таануу институтунун чыгыш таануу кафедрасынын окутуучусу Самаган Мырзаканова жана чыгыш таануу институтунун 2-курсунун студенти Аман Рахманбердиев дагы атайын баяндамалары менен катышууда. Аталган конференцияга Евросоюздун Өзбекстан Республикасындагы элчиси Тойво Клаар, Улуу Британиянын Saferworld уюмунун директору Тамара Дуффей Жансер ж.б. катышууда. 2025-жылы Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун "Достук, толеранттуулук жана медиатордук" борбору ишке ашырган илимий долбоор 2026-жылы жалпы суммасы 10000 доллардан - 20000 долларга чейин Евросоюздун каржылоосу менен улана турган болду.