Корея Республикасынын Пей Чей университетинен атайын делегация Ош мамлекеттик университетине келди.

2026-03-09 03:35:56 31

14-январь, 2026-жыл. Корея Республикасынын Пей Чей университетинен атайын делегация Ош мамлекеттик университетине келди. Делегацияны Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор К.Г. Кожобеков кабыл алып, эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө боюнча сүйлөшүштү. Андан соң ОшМУнун Чыгыш таануу институту менен Ош шаарындагы "Еду пойнт" окуу борбору биргеликте уюштурган иш-чарага катышышты. Иш-чарада Пей Чей университетинин өкүлдөрү өздөрүнүн окуу жайы боюнча презентация жасашып, студенттердин суроолоруна жооп беришти.