"Борбордук Азия: бирдиктүү руханий-агартуучулук мурас - жалпы келечек" аттуу эл аралык конгресс

2025-11-25 11:16:01 117

Өзбекстан Республикасы, Ташкент шаары, Ислам цивилизациясы борбору. "Борбордук Азия: бирдиктүү руханий-агартуучулук мурас - жалпы келечек" аттуу эл аралык конгресс. Конгресске Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Тажикстандын маданият министрлери, дин аалымдары, улуттук илимдер академиясынын президенттери, жогорку окуу жайларынын ректорлору, директорлору, мамлекеттик музейлердин, китепканалардын, кинематографиялардын директорлору, тарыхчылар, жазуучулар, сүрөтчүлөр жана жаштардын өкүлдөрү катышууда. Конгресс 15-ноябрь күнү алты өлкөнүн Президенттеринин катышуусу менен жыйынтыкталат. Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун директору, чыгыш таануу кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты Жолдошбек Бөтөнөев Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарындагы Ислам цивилизациясы борборунда өтүп жаткан "Борбордук Азия: бирдиктүү руханий-агартуучулук мурас - жалпы келечек" - аттуу эл аралык конгресске катышып жатат. 14-ноябрь күнү "Деятели получившие образование в Ферганской долине в XIX веке и их деятельности" жана "Жертвы репрессий в Кыргызстане: басмаческое движение, политика раскулачивания и политические репрессии (1920–1930-е годы XX века)" - деген темаларда илимий баяндамаларды жасайт. Кесиптешибизге ийгиликтерди каалайбыз!