Египет Араб Республикасынын борбору Каир шаарында академиялык алмашуу

2025-11-25 11:13:43 95

Чыгыш таануу институтунун чыгыш таануу кафедрасынын 2-курсунун студенти Халматова Севарахон академиялык мобилдүүлүк программасы менен Египет Араб Республикасынын борбору Каир шаарында окуусун баштады. Студентибизге ийгиликтерди каалайбыз! Учурда Каир шаарында Чыгыш таануу институтунун 5 магистранты академиялык мобилдүүлүк программасы менен окуп жатышат. Өткөн окуу жылында 2 студентибиз академиялык мобилдүүлүк программасы менен барып окуп келишкен. 2020-2021-окуу жылдары 1 студентибиз окуп келген.