ОшМУда “Маданияттар диалогу” эл аралык жаштар форумы өттү

2025-11-25 05:36:43 141

25-сентябрь, 2025-жыл ОшМУда “Маданияттар диалогу” эл аралык жаштар форумы өттү 25-сентябрь форумдун биринчи күнү. Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун "Достук, толеранттуулук жана медиатордук" борбору бүгүн 25-сентябрда Евросоюздун 6000 евро көлөмүндөгү грантынын негизинде “Маданияттар диалогу” аттуу эл аралык жаштар форумун өткөрдү. Иш-чарага Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн, Евросоюздан жана бир катар өкмөттүк эмес уюмдардан өкүлдөр, ошондой эле Чыгыш таануу институтунун студенттери, магистранттары жана профессордук-окутуучулук курамы катышты. Форум Фергана өрөөнүндөгү жаштардын (Кыргызстан – Тажикстан – Өзбекстан) арасында тынчтыкты, өз ара түшүнүшүүнү жана маданияттар аралык диалогду чыңдоого көмөктөшүү максатында уюштурулду. Жыйын панелдик талкуулар, чыгармачылык жана маданий иш-чаралар аркылуу ишке ашып, инклюзивдүү кызматташтыктын жана региондогу маданий ар түрдүүлүктүн баалуулугун көрсөтүүгө багытталды.