КОМЕРЦИАЛИЗАЦИЯ ИЙГИЛИКТҮҮ ИШКЕ АШЫП ЖАТАТ

2025-11-25 05:31:51 153

15-сентябрь, 2025-жыл. КОМЕРЦИАЛИЗАЦИЯ ИЙГИЛИКТҮҮ ИШКЕ АШЫП ЖАТАТ Чыгыш таануу институтунун "Түрк тили жана маданияты" жана "Англис тили жана маданияты" борборлорунун окутуучулары Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Түштүк-Батыш оперативдик колбашчылыгынын 30га жакын офицерлерине түрк жана англис тилдерин окутушуп, атайын сертификаттарды тапшырышты. Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев жана КРнын Коргоо министрлигинин Куралдуу Күчтөрүнүн Түштүк-Батыш оперативдик колбашчылыгынын кол башчысынын орун басары, полковник Урматбек Исаков эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев өз сөзүндө офицерлерге түрк жана англис тилдеринен сырткары кытай, корей, япон, араб, фарси, немис тилдерин дагы окутуу мүмкүнчүлүктөрү бар экендиктерин белгиледи.