КОМЕРЦИАЛИЗАЦИЯ иштери уланууда

2025-11-25 04:59:32 32

КОМЕРЦИАЛИЗАЦИЯ иштери уланууда Чыгыш таануу институтунун "Катар-Араб окуу жана котормо" борборунун жетекчиси Носиров Шерзадбек Исматуллаевич жана "Япон тили жана маданияты" борборунун жетекчиси Арзыкул кызы Нурмира (чыгыш таануу кафедрасынын окутуучулары) 9-июндан баштап Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Куралдуу Күчтөрүнүн Түштүк-Батыш оперативдик бөлүмүнүн 31 офицерине түрк жана англис тилдерин окутуп башташты. Окуунун жыйынтыгында офицерлерге түрк жана англис тилдерин окугандыгын тастыктаган атайын сертификаттар таршырылат. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Куралдуу Күчтөрүнүн Түштүк-Батыш оперативдик бөлүмү Ош мамлекеттик университетине келишимде көрсөтүлгөн акча каражатын кызмат көрсөткөндүгү үчүн которуп берет. Өткөн 2023-2024-окуу жылында Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын 16 аскерине фарси тилин окутуп, атайын сертификаттарды тапшырганбыз. Анда да Ош мамлекеттик университетине келишимде көрсөтүлгөн акча каражатын кызмат көрсөткөндүгү үчүн Чек ара кызматы тарабынан котортуп алганбыз.