Эл аралык илимий-практикалык конференция

2025-10-14 12:01:25 96

15-май, 2025-жыл. Евразиялык университеттер тармагында "Улуу Жеңиштин" 80 жылдыгына арналган 39 университеттин катышуусунда "Великая Отечественная война 1941-1945: историческая память и современность" - аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция Волгоград мамлекеттик техникалык университеттин алкагында өттү. Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун Чыгыш таануу кафедрасынын профессору, "Чыгыш кол жазмалар жана мурастар" фондунун жетекчиси, тарых илимдеринин доктору, Абытов Байболот Капарович жана 1-курстун 4 студенти: З. Бакалбаева, А.Омурбекова, С. Сатыбалдыева, Д.Эгембердиевалар катышышып, илимий баяндамаларды жасашты.