Эл аралык илимий-практикалык конференция өттү!

2025-04-30 03:35:03 4

29-апрель, 2025-жыл. Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институту менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык Штабы "Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында" - деген темада эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү. Конференция ЖККУнун (ОДКБнын) өкүлдөрү, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан Республикаларынын, Россия Федерациясынын жана Кыргызстандын башка аймактарындагы жогорку окуу жайларынын тарыхчы-окумуштуулары, студенттер, магистранттар, изденүүчүлөр, аспиранттар жана окуу жайдын жалпы профессордук-окутуучулук курамы катышты. Конференцияны ОшМУнун ректору, профессор Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич ачып, конференциянын катышуучуларын Улуу Жеңиштин 80 жылдык маарекеси менен куттуктап, Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон Кыргызстандыктарды изилдөө боюнча өткөн жылы окуу жайы тарабынан Чыгыш таануу институтунун директору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Бөтөнөев Жолдошбек Советбековичке 919000 сом акча каражаты бөлүнүп берилгенин, бир жарым жылга жетпеген убакта согушка кеткен 267388 адамдын, согуштан кайтып келген 76081 адамдын жана согушта каза болгон, дайынсыз жоголгон 140 миңден ашуун адамдын тизмесин тактап, 20 томдук китеп жазып басмага берилгенин, жана ошол эле Чыгыш таануу институтунун "Чыгыш кол жазмалары жана мурастары" фондунун жетекчиси, тарых илимдеринин доктору, профессор Абытов Байболот Капарович (авторлоштору менен) тарабынан дагы Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу көлөмдүү китеп жарык көргөнүн белгилөө менен бүгүнкү өтүп жаткан эл аралык илимий-практикалык конференциянын дагы демилгечиси, уюштуруучуларынын бири Чыгыш таануу институту экендигин баса белгиледи. Ошондой эле конференцияны уюштуруп өткөрүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары, генерал-майор Э.Дж. Тердикбаев баштаган аскер кызматкерлери жана Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор К.Г. Кожобеков баштаган окуу жайдын кызматкерлери Ардак грамоталары менен сыйланышты. Конференцияга катышкан ар бир катышуучуга сертификаттар, мыкты баяндама жасаган катышуучуларга атайын дипломдор тапшырылды. Конференциянын соңунда атайын резолюция кабыл алынып, тиешелүү сунуш-пикирлер өз даректерине жолдонду. Конференцияда жасалган мыкты баяндамалар Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун "Чыгыш таануунун маселелери" аталышындагы илимий журналына жарыяланат. Конференцияда жалпысынан 100дөн ашык илимий баяндамалар жасалды.