Чыгыш таануучулар "Улуу Жеңиштин" 80 жылдыгына карата өткөн иш-чарага катышты

2025-04-30 03:22:35 10

28-апрель, 2025-жыл. Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун директору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жолдошбек Бөтөнөев Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Түштүк-Батыш аскер бөлүгүндөгү аскерлерге барып "Улуу Жеңиштин" 80 жылдыгына карата өткөн иш-чарага катышып, Кыргызстандык жоокерлердин Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиктери жана жаңы архивдик документтер боюнча баяндама жасады.