Чыгыш таануучулар Ташкент шаарындагы эл аралык семинарга катышты!

2025-04-24 03:04:09 0

21-22-23-апрель, 2025-жыл. Ташкент шаары, Өзбекстан Республикасы. Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун директорунун окуу жана илимий иштер боюнча орун басары, чыгыш таануу кафедрасынын окутуучусу, магистр Бердибек уулу Чыңгыз Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өткөн 3 күндүк эл аралык семинарга катышып, илимий долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди. Бул иш-чара Европа Биримдигинин фонду тарабынан каржыланып, Saferworld эл аралык уюму тарабынан уюштурулган. Семинардын негизги максаты — Фергана өрөөнүндөгү толеранттуулукту жана достукту чыңдоого багытталган гранттар боюнча тажрыйба бөлүшүү жана кызматташтыкты өнүктүрүү болду. Иш-чаранын алкагында Бердибек уулу Чынгыз ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун алдындагы “Достук, толеранттуулук жана ортомчулук” борборунун атынан “Фергана өрөөнүндөгү жергиликтүү чектеш аймактардагы медиациялык иш-аракеттердин натыйжалуулугуна анализ” - аттуу долбоорду сунуштап, ага байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.