"Илим айлыгынын" алкагында илимий-практикалык конференция өттү.

2025-04-05 04:04:01 13

4-апрель, 2025-жыл. Чыгыш таануу институтунун "Чыгыш таануу" кафедрасы "Илим айлыгынын" алкагында илимий-практикалык конференция өткөрдү. Конференция пленардык жыйынындан кийин 3 секцияда өз ишин улантып, жыйынтыгында баяндама жасаган студенттерге, магистранттарга атайын сертификаттарды жана мыкты баяндама жасагандарга дипломдор тапшырылып, атайын резолюция кабыл алынды. Конференцияга академиялык мобилдүүлүк программасы менен Иордания, Казакстан, Өзбекстан жана Кореяда билим алып жүргөн студенттер менен магистранттар дагы онлайн форматында катышып баяндама жасашты. Мыкты баяндамалар Чыгыш таануу институтунун "Чыгыш таануунун маселелери" аталышындагы илимий журналынан жарыкка чыгарууга сунушталды. Конференцияда жалпысынан 100дөн ашык илимий баяндамалар окулду.