2025-04-05 03:47:16 0
3-апрель, 2025-жыл. Чыгыш таануу институтунун студенттери Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарындагы З.М.Бабур атындагы Андижан мамлекеттик университетинде жана Андижан шаарындагы Идея интервал окуу борборунда өндүрүштүк практикадан өтүп жатышат. Чыгыш таануу институтунун чыгыш таануу кафедрасынын окутуучулары, практика жетекчилери Таирова Айсулуу Шүкүралиевна, Мырзаканова Самаган Туратбековна, Абылкасым уулу Канатбек жана Нурлан кызы Бахияна эжеке студенттерден кабыл алып, усулдук кеңештерин берип, аталган мекеменин жетекчилери менен жакындан таанышышып, сүйлөшүп келишти.