Өндүрүштүк практикага чыгаруу алдындагы конференция

2025-03-20 11:44:51 12

19-март, 2025-жыл. Чыгыш таануу кафедрасынын 530900 "Чыгыш таануу, африка таануу" бакалавриат багытынын 4-курстарынын студенттерин өндүрүштүк практикага чыгаруу алдындагы конференция болуп, студенттерге жана алардын жетекчилерине Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев жана институттун практика жетекчиси Кымбат Камаева тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Студенттер 2025-жылдын 24-мартынан - 3-майына чейин өндүрүштүк практикада болушат. Студенттерге ийгиликтерди каалайбыз!