2025-03-20 11:38:07 7
Кезектеги конок лекция өттү! Бүгүн 19-март күнү БУУнун өнүктүрүү программасынын долбоорунун улуттук эксперти, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңештин мүчөсү. Мамлекеттик жана жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси Тажиматов Санжарбек Камбарович "Кыргыз жараны концепциясы: улуттук-мамлекеттик курулуштун орчундуу маселелери" - деген темада Чыгыш таануу институтунун студенттерине, магистранттарына жана профессордук-окутуучулук курамына офлайн форматында "Конок лекция" өтүп, студенттердин суроолоруна жооп берди.