Магистранттар менен жалпы жолугушуу

2025-03-20 11:33:19 12

15-март, 2025-жыл. Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев, Чыгыш таануу кафедрасынын башчысы Элес Эркебаев жана Чыгыш таануу институтунда коррупцияны алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча комиссиянын төрагасы Байболот Абытов магистранттар менен жолугушуп, төмөнкү маселелер боюнча сүйлөшүп, алардын суроолоруна жооп берди: 1. Магистранттардын сабактарга офлайн жана онлайн форматында үзгүлтүксүз катышуулары жөнүндө; 2. Магистрдик диссертацияларынын үстүндө жетекчилери менен үзгүлтүксүз иштөө жана эки жылдын ичинде бир илимий макала, бир илимий доклад жазып апробациядан өткөрүп илимий журналдан жарыка чыгаруу жөнүндө; 3. Илимий-изилдөө практикаларынан өз убагында өтүү жана практиканын отчетун сапаттуу даярдоо жөнүндө; 4. Антирейтинг жана коррупцияны алдын алып, ага каршы күрөшүү жөнүндө; 5. Ар түрдүү маселелер боюнча.