2025-03-15 16:02:43 2
14-март, 2025-жыл. Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Чотонов Дүйшөнкул Тезекбаевич Чыгыш таануу институтунун студенттерине, магистранттарына жана профессордук-окутуучулук курамына онлайн форматында конок лекция өттү. 14-март күнү Кыргызстан убактысы боюнча саат 11:00дө Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы, Вьетнамдагы мурдагы элчиси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты, ОшМУнун бүтүрүүчүсү Чотонов Дүйшөнкул Тезекбаевич Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун студенттерине, магистранттарына жана профессордук-окутуучулук курамына "Кыргызстан-Өзбекстан дипломатиялык байланыштары: тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги" - деген темада онлайн форматында "Конок лекция" өтүп, студенттердин суроолоруна жооп берди. Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев элчи мырзага ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.