Чыгыш таануучулар аракетте!

2025-03-14 04:00:27 2

11-март, 2025-жыл. Чыгыш таануу кафедрасынын окутуучусу, "Англис тили жана маданияты" борборунун жетекчиси, Парпиев Марс Ташполотовичтин демилгеси жана уюштуруусу менен ОсОО "Self Visa" компаниясынын Оштогу филиалынын директору Үчкемпиров Бекзат Бактыярович Чыгыш таануу институтунун студенттерине бакалавриатты аяктагандан кийин Америка Кошмо Штаттарындагы жогорку окуу жайларына магистратурага тапшырып окууларын улантып жана иштөө мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат берип, студенттердин суроолоруна жооп берди. Учурда Чыгыш таануу институтунун 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүсү Тойчубеков Марлен Марсович Америка Кошмо Штаттарынын жогорку окуу жайларынын биринди магистратура багытында билим алып жатат.