Кезектеги конок лекция

2025-03-12 04:56:02 0

7-март, 2025-жыл. Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, классикалык чыгыш таануучу, 30 дан ашык чет тилдерин билген, Түштүк Азия өлкөлөрү (Пакистан, Афганистан, Иран) боюнча адис Атаханов Авазбек Койлубаевич 7-март күнү саат 11:00дө (Кыргызстан убактысы боюнча) Чыгыш таануу институтунун студенттерине, магистранттарына жана профессордук-окутуучулук курамына "Кыргызстан-Пакистан дипломатиялык байланыштары: тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги" - деген темада онлайн форматында "Конок лекция" өтүп, студенттердин суроолоруна жооп берди.