Кезектеги конок лекция

2025-03-03 11:50:52 14

28-февраль, 2025-жыл. Президенттин кеңешчиси лекция окуду. 28-февраль күнү саат 11:00дө Чыгыш таануу институтунун студенттерине, магистранттарына жана профессордук-окутуучулук курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты, журналист, публицист, жазуучу, Лондон университетинин Чыгыш жана Африка изилдөөлөр мектебинин магистратура бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү/магистр/, "Азаттык" үналгысында кабарчы, Би-Би-Си дүйнөлүк кызматындагы кыргыз кызматынын продюсери болуп иштеген Арслан Капай уулу (Арслан Койчиев) "ТҮРК ДҮЙНӨСҮ ЖАНА УЛУУ ДЕРЖАВАЛАР" - деген темада онлайн "Конок лекция" өтүп, студенттердин суроолоруна жооп берди.