2025-02-25 18:41:57 33
18-февраль, 2025-жыл. Кара-Кулжа району Чыгыш таануу институтунун "Чыгыш таануу" кафедрасынын ПОкурамы кафедра тарабынан даядалып жаткан билим берүү программалары менен тааныштыруу максатында Кара-Кулжа районунун билим берүү бөлүмү Кара-Кулжа районунун мектеп директорлору үчүн "Мектептер менен жогорку окуу жайларында билим берүүнүн менеджменти жана маркетинги" - деген темада атайын семинар-тренинг өтүп, катышуучулардын суроолоруна жооп беришип, катышуучуларга сертификаттарды тапшырып кайтышты. Семинар-тренингдин алкагында Кара-Кулжа районундагы 52 мектеп директорлоруна Ош мамлекеттик университетинин жетишкендиктери, учурдагы мүмкүнчүлүктөрү жана стратегиялык пландары боюнча кеңири маалымат берилди. Ошондой мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн Ош мамлекеттик университетиндеги билим берүү программалары/адистиктери/ тууралуу маалыматтар дагы берилди. "Ош мамлекеттик университети менен дүйнөнүн эшигин ачыңыздар!" - деп Чыгыш таануу институтунун директору, доцент Жолдошбек Бөтөнөев семинар-тренингти жыйынтыктады. Кара-Кулжа районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алмагүл Тутуева Ош мамлекеттик университетинин жалпы жамаатына ийгиликтерди каалап, Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөевге Чыгыш таануу институтунун алдындагы тил борборлорун Кара-Кулжа районунун борборундагы/центриндеги/ мектептерде ачууну, Чыгыш таануу институту менен тыгыз кызматташуу ниетин билдирди. Маалымат ирээтинде! 15-февраль күнү Кара-Кулжа районунун мектеп директорлору Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун базасында өткөн семинар-тренингке катышып, атайын сертификаттарды алып кайтышкан экен. 25-январь күнү Ош шаарындагы 70 мектептин директорлору Чыгыш таануу институтуна келишип, Чыгыш таануу институту менен Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган "Мектеп окуучуларына чыгыш тилдерин окутуунун зарылчылыктары, келечеги жана айрым проблемалар" - деген темада атайын төгөрөк столго катышышып, өздөрүнүн сунуш-пикирлерин айтышып Ош мамлекеттик университетине ийгиликтерди каалашып, Чыгыш таануу институту менен тыгыз кызматташуу ниеттерин билдирип кайтышкан.