2025-02-01 07:06:38 4

23-декабрь, 2024-жыл. Чыгыш таануу институтунун чыгыш таануу кафедрасынын профессору, "Чыгыш кол жазмалары жана мурастары" фондунун жетекчиси, тарых илимдеринин доктору Абытов Байболот Капарович Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун колунан "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери" ардактуу наамын алды. Байболот Капаровичти алган сыйлыгы менен Чыгыш таануу институтунун жалпы эмгек жамаатынын атынан куттуктайбыз! Агайга бекем ден-соолук, үй-бүлөөлүк бакыт жана иштерине чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!