Мектеп директорлору менен биргеликте төгөрөк стол

2025-01-29 04:48:02 0

25-январь, 2025-жыл Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунда Чыгыш таануу институту менен Ош шаардык билим берүү башкармалыгы "Мектеп окуучуларына чыгыш тилдерин окутуунун зарылчылыктары, келечеги жана айрым проблемалары" - деген темада төгөрөк стол өттү. Төгөрөк столго Ош шаарынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы С.А. Аманова жана Ош шаарындагы 70 мектептин директорлору катышышып, өздөрүнүн сунуш-пикирлерин айтышып, чындап эле мектеп окуучуларына чыгыш тилдерин (араб, түрк, фарси, кытай, корей, япон) окутуу зарыл экендигин белгилешип, Чыгыш таануу институту менен тыгыз байланышта болушаарын билдиришти.