"Эл аралык араб тили күнү" белгиленди

2024-12-20 04:18:04 0

18-декабрь, 2024-жыл. 18-декабрь күнү Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институту менен эл аралык билим берүү программалары колледжи 18-декабрь "Эл аралык араб тили күнүн" өткөрүштү. Иш-чараны ОшМУнун ректору, профессор К.Г. Кожобеков ачып, араб тилин окуп жаткан студенттерди, магистранттарды жана аларды окутуп жаткан окутуучуларды майрамы менен куттуктап, Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөевдин жана Чыгыш таануу институтунун "Катар-Араб окуу жана котормо" борборунун жетекчиси, чыгыш таануу кафедрасынын улук окутуучусу Шерзодбек Носировдун жана Чыгыш таануу институтунун бүтүрүүчүлөрүнүн атынан институттун жана колледждин жакшы окуган, алдыңкы 7 студентине 10000, 20000 сомдук жана 500 долларлык "АТУУЛДУК СТИПЕНДИЯЛАРДЫ" тапшырды. Иш-чаранын экинчи бөлүгү концерттик программа менен коштолуп, сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды. Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев учурда Чыгыш таануу институтунда 100дөн ашык студенттер жана магистранттар араб тилин окуп жаткандыгы жана 2018-жылы Катар мамлекетинин каржылоосу менен "Катар-Араб окуу жана котормо" борбору, 2024-жыл жылы Сауд Аравиясы Королдугунун каржылоосу менен "Араб тили жана маданияты" борбору ачылып иш алып барып жатканын, ошондой эле Чыгыш таануу институтунун студенттери жана магистранттары Египет Араб Республикасында, Иорданияда академиялык мобилдүүлүк программасы менен окуп жатышкандыгын билдирди.