2024-12-20 03:52:57 0
17-декабрь, 2024-жыл. Чыгыш таануу институту Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен бирге Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдык маарекесине арналган иш-чараны Ош мамлекеттик университетинде өткөрдү. Иш-чарага ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору, доцент Курсантбек Аттокуров, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мээримбек Апышов, Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулу Зафарбек Ахмедов, Чыгыш таануу институтунун студенттери, магистранттары жана чыгыш таануу кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы катышты. Иш-чара сүрөт көргөзмөсү менен башталып, биринчи бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн тарыхы, өнүгүү этаптары, учурдагы абалы жана келечеги тууралуу баяндамалар жасалып, экинчи бөлүгү Чыгыш таануу институтунун студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа жана дипломаттар менен бирге сүрөткө түшүп жыйынтыкталды.