2024-12-20 03:44:39 0
16-декабрь, 2024-жыл. Бишкек шаары. ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯ - 2024 Чыгыш таануу институтунун чыгыш таануу кафедрасы даярдап жаткан "Чыгыш таануу, африка таануу" багытынын 4-курсунун студенти Сатыбаев Бекболсун Жаныбекович Президенттик стипендиянын ээси болду! Өлкөнүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшыруу аземи болуп өттү. Бүгүн, 16-декабрда, өлкөнүн жогорку окуу жайларынын 90 мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшыруу аземи болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өз сөзүндө белгилегендей, Президенттик стипендия бул жөн эле сыйлык эмес. Бул – тигил же бул тармактын кесипкөй адиси болууга жан үрөп, алдына бийик максаттарды койгон студенттердин эмгегин баалоонун, дараметин колдоонун, талантын ачууга шык-дем берүүнүн белгиси. “Биз силердин билимиңерди баалоо менен өлкөбүздүн келечегине инвестиция кылып жатабыз деп эсептейбиз. Мамлекет өз өлкөсүнө берилген, өз тарыхын аздектеген жана элибиздин руханий баалуулуктарын сактаган жаштарды ар дайым колдойт. Мен билимге болгон каалоосу күч, өз көз карашы бар, дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүгө умтулган, ар-намыстуу, мекенчил жаштардан көптү күтөм”, - деди Мамлекет башчысы.