2024-12-14 03:44:03 0
13-декабрь, 2024-жыл. Чыгыш таануу институтунда Ош мамлекеттик университетинин Илим жана инновация бөлүмүнүн жетекчиси, доцент Н.Н. Курбанбаева баштаган аталган бөлүмдүн илимий кызматкерлери Чыгыш таануу институтунун, тарых жана юридика институтунун, эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин профессордук-окутуучулук курамына илимий-изилдөө иштерин алдыга жылдыруудагы иш-аракеттерди уюштуруу, багыттоо максатында илимий-методикалык семинар өтүшүп, окутуучулардын суроолоруна жооп беришти. Семинардын жүрүшүндө Илим жана инновация бөлүмүнүн жетекчиси, доцент Н.Н. Курбанбаева аталган бөлүм тарабынан жасалып жаткан алгылыктуу иштер боюнча маалымат берип, окуу жайдын ар бир окутуучусу менен илимий-изилдөөлөр жаатында тыгыз иштешип, кеп-кеңештерин берип, кызматташууга даяр экендигин билдирди. Чыгыш таануу институтунун жалпы эмгек жамааты ОшМУнун Илим жана инновация бөлүмүнүн жетекчиси Н.Н. Курбанбаева баштаган бөлүмгө терең ыраазычылык билдирүү менен иштерине ийгиликтерди каалайбыз!