Чыгыш таануу институтунун Усулдук кеңеши кезектеги отурумун өткөрдү.

2024-12-12 08:35:39 0

10-декабрь, 2024-жыл. Чыгыш таануу институтунун Усулдук кеңеши кезектеги отурумун өткөрдү. Усулдук кеңештин отуруму онлайн жана офлайн форматында өтүп, усулдук кеңештин жылдык иш планына ылайык өтүп, окутуучулардын окуу-усулдук комплекстеринин абалы, сабак өтүүнүн сапаты, өзара сабактарга катышуулар, ачык сабактардын өтүлүшү, окуу-усулдук колдонмолорду, окуу китептерин жазуу ж.б. маселелерди таалкуулашты. Усулдук кеңештин курамы жылдагыдан айырмаланып чет өлкөлүк профессорлор менен толукталган. Усулдук кеңештин курамына Корея Республикасынын жараны Ким Пак Хян, Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарындагы З.М.Бабур атындагы Андижан мамлекеттик университетинен доценти Хамраева Танзиля Равильевна, Чыгыш таануу кафедрасынын башчысы, доцент Эркебаев Элес Мизанович, чыгыш таануу институтунун профессору Абытов Байболот Капарович, чыгыш таануу кафедрасынын окутуучусу Таирова Айсулуу Шүкүралиевна, чыгыш таануу кафедрасынын окутуучусу Карыбеков Эмилбек Түгөлбаевичтер кирген. Усулдук кеңештин төрайымы, доцент Бабаева Аделя Дөөлөтбаевна.