"Чыгыш таануу, африка таануу" (бакалавриат, магистратура) багытынын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жаңы долбоору онлайн таалкууланды.

2024-12-12 08:30:39 0

6-декабрь, 2024-жыл. "Чыгыш таануу, африка таануу" (бакалавриат, магистратура) багытынын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жаңы долбоору онлайн таалкууланды. Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталган. Бирок, долбоор өзгөчө статусу бар окуу жайларга тиешеси жок. Талкууга Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун директору, доцент Бөтөнөев Жолдошбек Советбекович, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин деканы, доцент Машрапов Таласбек Туратбекович, Кыргызстан Эл аралык университетинин Чыгыш таануу кафедрасынын башчысы, доцент Алаида Акылбаевна жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы дипломатиялык академиясынын өкүлү катышты.