Чыгыш таануу институтундагы борборлордун ишмердүүлүгү!

2024-11-21 02:39:29 0

18-ноябрь, 2024-жыл. Чыгыш таануу институтунун алдындагы окуу жана котормо борборлорунун жана фонддорунун жетекчилери Ош мамлекеттик университетинин институттарынын жана факультеттеринин алдындагы борборлорунун жетекчилеринин чогулушуна катышышып, борборлордун жоболору жана иш-пландары менен тааныштырышып, аткарган иштери жана алдыда жасай турган иштери менен тааныштырышты. Чогулушту ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору, доцент К.Ш. Аттокуров өтүп, борборлордун жана фонддордун жетекчилерине конкреттүү тапшырмаларды берди. Учурда Чыгыш таануу институтунун алдында төмөнкүдөй борборлор жана фонддор иштейт: 1. Чыгыш кол жазмалары жана мурастары фонду. Жетекчиси: профессор Абытов Байболот Капарович; 2. Достук, толеранттуулук жана медиаторлук борбору. Жетекчиси: доцент Бөтөнөев Жолдошбек Советбекович; 3. Катар-Араб окуу жана котормо борбору. Жетекчиси: улук окутуучу Носиров Шерзодбек Исматуллаевич; 4. Араб тили жана маданияты борбору. Жетекчиси окутуучу Таирова Айсулуу Шүкүралиевна; 5. Түрк тили жана маданияты борбору. Жетекчиси: улук окутуучу Носиров Шерзодбек Исматуллаевич; 6. Корей тили жана маданияты борбору. Жетекчиси: окутуучу Карыбеков Эмилбек Түгөлбаевич; 7. Япон тили жана маданияты борбору. Жетекчиси: окутуучу Арзыкул кызы Нурмира; 8. Кытай тили жана маданияты борбору. Жетекчиси: окутуучу Мырзаканова Самаган Туратбековна; 9. Хинди тили жана маданияты борбору; 10. Иран тили жана маданияты борбору; 11. Англис тили жана маданияты борбору: Жетекчиси: окутуучу Парпиев Марс Ташполотович.