Сауд Аравиясы Королдугунун жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн форуму болуп өттү

2024-11-21 02:33:54 0

19-ноябрь, 2024-жыл. Бишкек шаарында Сауд Аравиясы Королдугунун жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн форуму өттү. Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев, чыгыш таануу кафедрасынын башчысы Элес Эркебаев жана эл аралык билим берүү программалары колледжинин окутуучусу Сабырбек Бекназаров жана Чыгыш таануу институтунун студенттери, магистранттары Сауд Аравиясы Королдугунун Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан уюштурулган Россия Федерациясынын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Сауд Аравиясы Королдугунун жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн форумуна катышышты. Форумдун алкагында Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев баштаган атайын делегация Сауд Аравиясы Королдугунун Тайба, Джидда, Ислам университеттери өңдүү бир топ жогорку окуу жайларынын жетекчилери менен жакындан таанышышып, эки жана көп тараптуу кызматташуу боюнча келишимдерди даярдоо тууралуу макулдашышты. Сауд Аравиясы Королдугунун жогоруда аталган окуу жайлары Ош мамлекеттик университети менен кызматташууга кызыктар экендиктерин белгилешип, келечекте Кыргызстандык студенттерге, магистранттарга араб тилин, маданиятын жана тарыхын окута турган Кыргыз-Араб факультетин ачуу ниеттерин билдиришти. Ошондой эле, 2025-жылдын январь айында Ош мамлекеттик университетине Тайба жана Джидда университеттеринен атайын делегация келээрин убадалашуу менен Ош мамлекеттик университетинен дагы атайын делегацияны Сауд Аравия Королдугуна келип, Мекке жана Медина шаарларындагы жогорку окуу жайлары менен жакындан таанышышып кетүүгө чакырышты. Маалымат ирээтинде! Учурда Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунда жалпы 100дөн ашык студенттер жана магистранттар араб тилин окушат. 2018-жылы Катар мамлекетинин каржылоосу менен (жалпы суммасы 500 миң сом) "Катар-Араб" окуу жана котормо борбору ачылса, 2024-жылдын май айында Сауд Аравиясы Королдугунун каржылоосу менен (жалпы суммасы 30 миң АКШ доллары) "Араб тили жана маданияты" борбору ачылган. Академиялык мобилдүүлүк программасы менен буга чейин Чыгыш таануу институтунун 1 студенти Египет Араб Республикасынын Аль-Азхар университетинде окуп келсе, учурда 1 магистрант Иордания мамлекеттинин Оман шаарында окуп жатса, 2 студентибиз Египет Араб Республикасына, 1 студентибиз Иордания мамлекеттине барып окуп келүүгө даярданып жатат. Өткөн 2023-жылдын октябрь айында Сауд Аравиясы Королдугунун Мекке шаарындагы Умм Аль-Куро университетинен атайын делегация Чыгыш таануу институтуна келип, студенттер, магистранттар жана араб тилинен сабак берген окутуучулар үчүн атайын семинар-тренинг өтүп, эки тараптуу кызматташуу боюнча ниеттерин билдирип кайтышкан. Жыйынтыгында жогоруда белгилегендей жалпы суммасы 30 миң АКШ долларына барабар "Араб тили жана маданияты" борборун Чыгыш таануу институтуна ачышып, ачылуу аземине Сауд Аравиясы Королдугунун Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, урматтуу Ибрахим бин Ради Аль-Ради мырза келип, аталган борбордун лентасын кесип, студенттерге конок лекция өтүп, студенттер менен кеңири баарлашып кайткан.