Студенттер жана магистранттар практикадан чет өлкөдөн өтүшөт.

2024-11-18 05:15:14 0

15-ноябрь, 2024-жыл. Студенттер жана магистранттар практикадан чет өлкөдөн өтүшөт. Чыгыш таануу институтунун чыгыш таануу кафедрасынын башчысы, доцент Эркебаев Элес Мизанович баштаган атайын делегация Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарындагы Андижан туризм жана сервис коллежине барышып, колледждин директору, PhD Назарова Барно Усарбайовнанын кабыл алуусунда болушуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту. Келишимдин алкагында Чыгыш таануу институтунун студенттери жана магистранттары аталган колледжден практикадан өтө алышат. Практиканттар аталган колледж тарабынан акысыз жатакана менен камсыз болот.