Эки тараптуу байланыштар жакшырууда!

2024-11-18 05:07:00 0

15-ноябрь, 2024-жыл. Чыгыш таануу институтунун студенттери жана магистранттары практикаларын чет өлкөдөн өтүшөт. Чыгыш таануу институтунун чыгыш таануу кафедрасынын башчысы, доцент Эркебаев Элес Мизанович баштаган атайын делегация Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарындагы Андижан областынын Тарых жана маданият мамлекеттик музейине барышып, музейдин директору Расулов Ихтиёржон Махмудовичтин кабыл алуусунда болушуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча келишим түзүштү. Келишимдин алкагында Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун студенттери, магистранттары аталган музейден практикадан өтүүлөрүнө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Практикадан өтүү үчүн барган студенттер жана магистранттар кабыл алган тараптан акысыз жатакана менен камсыз болот.