Чыгыш таануу институтунда Кыргыз Республикасынын Япониядагы (Кансай аймагы боюнча) Ардактуу консулу Такаши Бунно мырза конокто

2024-11-12 02:33:44 0

11-ноябрь, 2024-жыл. Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз-Япон факультетин ачуу боюнча сүйлөшүү өттү. Кыргыз Республикасынын Япониядагы (Кансай аймагы боюнча) Ардактуу консулу Такаши Бунно мырза жана Ардактуу консулдун Кыргызстандагы атайын өкүлү Мамашева Жийдегүл Алиакбаровна баштаган атайын делегация Чыгыш таануу институтуна келип, "Япон тили жана маданияты" борбору менен таанышып, эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Япониянын Вакаяма мамлекеттик университети менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда Кыргыз-Япон факультетин ачып, бир топ багыттар боюнча адистерди даярдап, билим берүү, илимий изилдөөлөрдү, илимий долбоорлорду биргеликте жүргүзүү ж.б. тармактарда кызматташуу боюнча кеңири баарлашып, студенттер менен жоолугушуп, алар менен пикир алышып кайтышты.